Иордания курамасынын машыктыруучусу: "Кыргыз футболчулары менен болчу оюнда жеңиш үчүн баарына даярбыз"

Эртең, 17-ноябрда Бишкекте кыргыз футболчулары менен Иордания курамасынын ортосунда беттеш өтөт. Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда Азия чөлкөмү боюнча "В" тайпасында өтүп жаткан оюн 19:30да башталат. Бул беттеш боюнча командалардын башкы машыктыруучулары комментарий беришти.

Иордания курамасын машыктырган бельгиялык адис Пол Пут төмөнкүлөргө токтолду:
"Кыргыз Республикасынын командасы күчтүү. Команданын курамында бир канча күчтүү оюнчулар бар. Биздин машыктыруучулар штабыбыздын өкүлдөрү кыргыз футболчуларынын оюдарына көз салып, күчтүү тараптарын жана алсыз жактарын карап чыгышты. Ошондой эле күйөрмандардын колдоосу да үй ээсине дем берет. Биз жеңиш үчүн бардык каршылыктарга каршы турабыз. Эки командага тең ийгилик каалайм!"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Mars55
2015-11-16 17:28:40
Биздин да тилегибиз жениш жана жениш.Алга Кыргызстан.
+3
Maks_shop
2015-11-16 17:53:01
Кыргызстан алгааа, ар бириңе 2000$десе утулуп берип койбош
0
uragan007
2015-11-16 17:55:33
Пол Пут байке бизге да ЖЕНИШ керек. Ийгилик биздикилерге
+1
kadamjai90
2015-11-16 18:31:16
КТР ден туз эфир алып береби
0
Alixan-Nookat.2015
2015-11-16 19:07:04
kadamjai90, Ооба КТРК дан туз алынып берилет.Кыргызстан алга ийгилик каалайм!
+2
Bakyt.92
2015-11-16 19:18:10
kadamjai90, оа туз эфир алып берет, КТРКдан
0
hann
2015-11-16 20:32:04
Ал жагынан сарсанаа болбогула достор. КТРК 200 пайыз даяр деп ойлойм. Сураныч достор стадионго барганда таштандыларынарды озунор менен ала кетсенер...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан