Футзал боюнча улуттук курама Тажикстан курамасын утуп, Азия чемпиондугуна жолдомо алды. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 16-ноябрда Худжанд (Тажикстан) шаарында футзал боюнча Азия чемпиондугунун тандоо туру “В” тайпасында жыйынтыкталды. Жыйынтыктоочу оюндарга чейин Кыргыз Республикасы, Ооганстан, Тажикстан жана Түркмөнстан сыяктуу 4 команда тең жолдомого мүмкүнчүлүктөрүн сактап келишкен.
Алгачкы 2 оюнда кыргыз футболчулары Түркмөнстан жана Ооганстан менен ойноп, 2 упай менен тайпада 3-орунду ээлеп турган. Акыркы турда болсо футболчуларыбыз Тажикстан курамасын 3:2 эсебинде утуп алышты. Муну менен улуттук курамдын карамагындагы упайлардын саны 6га жетти жана тайпада 1-орунду ээлеп, Азия чемпиондугуна жолдомо алды.
Кошумчалай кетсек, Азия чемпиондугу 2016-жылы 10-21-февраль аралыгында Өзбекстандын Ташкент шаарында өтөт.
Мелдеш жадыбалы:
Орун |
Команда |
Оюн |
Упай |
1 |
Кыргыз Республикасы |
3 |
6 |
2 |
Тажикстан |
3 |
4 |
3 |
Ооганстан |
3 |
4 |
4 |
Түркмөнстан |
3 |
2 |