Бүгүн, 17-ноябрда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда Азия чөлкөмү боюнча “В” тайпасындагы кезектеги беттештер өтөт. Анда Кыргыз Республикасынын улуттук курамасы Иордания курамасы менен беттешет. Беттеш Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 19:30да башталат.
Азия чемпиондугуна күрөштү татыктуу улантуу жана быйылкы жылдын акыркы беттешин татыктуу өткөрүү үчүн кыргыз футболчулары жеңишти камсыздоого тийиш. Ал эми Иордания курамасы тайпада 1-орунду сактап калуу максатында бул күнү 3 упай үчүн катуу аракет көрмөкчү.
Кошумчалай кетсек, бул командалардын ортосунда алгачкы беттеш 3-сентябрда өтүп, 0:0 эсебинде жыйынтыкталган. Иордания тайпада жеңилип көрө элек жалгыз команда бойдон калууда. Иорданиялыктар 4 беттеште жеңүүчү аталып, 1 ирет тең чыгышкан.