Фоторепортаж: Футзал боюнча улуттук курам Тажикстанды утуп, Ташкентте өтчү Азия чемпиондугуна жолдомо алды

Кечээ, 16-ноябрда Тажикстандын Худжанд шаарында футзал боюнча Азия чемпиондугунун 2 жолдомосунун ээлери белгилүү болду. Ооганстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Кыргыз Республикасы сыяктуу командалардын ичинен кыргыз жана тажик футболчулары кийинки баскычка чыгышты.

2 жолдомонун ээси 3-турда белгилүү болду. Кыргыз футболчулары Тажикстанды утуп, тайпада 1-орунду ээлесе, Тажикстан 2-орунду ээлеп калды. Албетте, Ооганстан курамасынын Түркмөнстанды 5:3 эсебинде утуп, Азияга чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып койгонун белгилей кетүү керек.

Тажикстан – Кыргыз Республикасы – 2:3

Голдор: Халимов (20-мүнөт), Табалдиев (30-мүнөттө, өз дарбазасына) – Жетыбаев (12-мүнөттө), Руслан Эрмеков (25, 38).

Мелдеш жадыбалы:

Орун

Команда

Оюн

Упай

1

Кыргыз Республикасы

3

6

2

Тажикстан

3

4

3

Ооганстан

3

4

4

Түркмөнстан

3

2

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
shailoo2015
2015-11-17 13:07:54
1-орун Кыргызстан Ураааааа
+6
adielina
2015-11-17 13:31:12
Жакшыго ар дайым ушунунардан жазбагыла ийгилик.
+8
STAN_KG
2015-11-17 13:34:49
Урааааааа! Кыргызстан! алгалай бер! өсө бер! Жеңишиңер кут болсун ЭЛИМ! Мекеним!

+7
STAN_KG
2015-11-17 13:42:58
Жогоруда сүрөттөгү славян улутундагы адам гимн ырдалып жатканда көкүрүгүнө колун койбоптур, эмнеге андай инсандарды оюнга кошосуңар? андай адамдарда мекенге болгон сүйүү жок! Супер Инфо гезитинин жамааты силерден сураныч, жогорудагы сүрөт башкаларга сабак болсун, анын ким экендигин тактап бергилечи?
+3
sirgak_92
2015-11-17 14:11:58
STAN_KG, Анын улуту орус жана орусиянын жараны болгону кыргыз футзалчыларын машыктырат аты Андрей
+1
Ruslan_d
2015-11-17 14:36:21
Негизи биздин футзалчылар кыйын анан бул командалар биздин денгелибиздеги команда эмес эми Ташкентке барган жакшы ойюн корсотуло! Ал жакта япония корея иран ирак деген кучтулор бар!
+4
sagyn01
2015-11-17 14:37:24
Халимовпу же Алимовпу тактап бергилечи админ, (авто голду)
+3
admin_portal
2015-11-17 15:00:08
sagyn01, саламатсызбы!
Кабар такталып жазылган.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан