Бүгүн, 17-ноябрда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун Азия чөлкөмү боюнча тандоо турунда бир катар оюндар болот. Алардын катарын “В” тайпасындагы Кыргыз Республикасы – Иордания, Бангладеш – Австралия беттештери толуктайт. Бул күнү “В” тайпасында лидер алмашуусу толук мүмкүн, себеби кыргыз футболчулары Иорданияны упайсыз калтырууга катуу көңүлдөнүп турушса, Австралия курамасы конокто Бангладеш менен беттешет.
Беттештер:
Саат 17:30. Бангладеш – Австралия
Саат 19:30. Кыргыз Республикасы – Иордания