Кечээ, 16-ноябрда футбол боюнча Казакстан менен Кыргыз Республикасынын жаштар курама командаларынын ортосунда жолдоштук беттеш болду. Бул тууралуу Казакстандын Футбол федерациясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, беттеш кызуу таймаш менен уланып, 1:0 эсебинде казак футболчуларынын жеңиши менен аяктады. Оюндагы жалгыз голду Владимир Воменко киргизди.