Бүгүн, 17-ноябрда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда кыргыз футболчулары Иордания курамасы менен беттешет. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтчү беттеш 19:30да старт алат.
Бул беттеш алдында букмекердик кеңселер байгелерди кабыл алып жатат. Эгер алардын божомолуна үңүлө турган болсок, бул күнү Иордания курамасы жеңүүчү аталат. Ал эми кыргыз футболчуларынын утууга жана тең чыгууга мүмкүнчүлүгү өтө төмөн бааланууда.
Букмекерлердин болжолу:
Кыргыз Республикасы жеңет - 6.90 коэффициент
Тең чыгуу - 3.50 коэффициент
Иордания курамасы жеңет - 1.50 коэффициент