Бүгүн, 17-ноябрда Бишкекте Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун алкагында кыргыз футболчулары менен Иордания курамасы беттешти. Беттеш 1:0 эсебинде жыйынтыкталып, кыргыз футболчулары 3 упайга ээ болушту. Оюндагы голду 47-мүнөттө Антон Землянухин киргизди.
SUPER.KG порталына футболчу бул гол карьерасындагы эң маанилүү гол экенин айтты. "Ооба, бул менин карьерамдагы эң маанилүү гол деп айта алам. Мындай гол жаратуу мүмкүнчүлүгүн бошко кетирбөө керектигин ойлондум. Иорданияга каршы оюн татаал болду, бул күнү ийгилик биз тарапта болгону кубандырат",- деди Антон.
Журналисттер машыктыруучу Александр Крестининден гол тууралуу оюн айтууну суранышканда, ал "Шедевр!" деп айтып тим болду.
Кошумчалай кетсек, А.Землянухин - Кыргыз Республикасынын улуттук курамынын тарыхындагы мыкты бомбардир. Ал карьерасында улуттук курам үчүн 6-голун жаратты.