Оюндан кийин чыр чыгарып, беттеш калысына жулунган Иорданиянын оюнчуларына карата жаза колдонулушу мүмкүн

Бүгүн, 17-ноябрда Бишкекте Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун алкагында кыргыз футболчулары менен Иордания курамасы беттешти. Беттеш 1:0 эсебинде жыйынтыкталып, кыргыз футболчулары 3 упайга ээ болушту. Оюндагы голду 47-мүнөттө Антон Землянухин киргизди. Оюндан кийин иорданиялык футболчулар калыска жулунуп, ага карата өтө орой мамиле жасашты. Ошондой эле бир оюнчу четте футболчуларга топ берүүчү жаш балдарга атырылды. Ал колуна топ кармап алып жаш балдарды көздөй жулунганда, көпчүлүк токтотуп калганга аракет кылды. Жыйынтыгында майданда эки тараптуу уруш чыгып кете жаздады. Окуяга милиция кызматкерлери чекит коюп, иорданиялыктарды кийим которуучу жайга алып кетишти.

Футбол адистери бул көрүнүш көз жаздымда калбайт деген ойду айтышууда. Алар иорданиялыктар бул жосундары үчүн жазаланышы мүмкүн экенин белгилешти.

Кыргызстан-Иордания беттеши 1:0 эсебинде аяктады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
bosmos777
2015-11-17 23:06:36
Булар тжиктердей эле.Бет тырмоочулук менен жашаган жана ойногон..................
+6
a.m.akmoldoev
2015-11-17 23:07:08
Женилген курошко тойбойт
+3
sher.ella
2015-11-17 23:09:49
а жап болсун ))
+3
Patriot...kg
2015-11-17 23:12:33
Расс болуптур
+6
omka100514
2015-11-17 23:15:12
ичинер куйсо туз жалагыла))))
+3
nelya88
2015-11-17 23:17:10
Биротоло дисквалификациялап чыгарып салышып,ордуна биздин курама командабыз отсо сонун болмок эле...
+5
RASTAMAN
2015-11-18 00:22:08
nelya88,tuura aitasyn fair play degen nerseni saktash kerek!
0
amanatym
2015-11-18 09:21:13
тажиктер жерге жатып алып жатты эле булар урушуп жатышат го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан