Александр Крестинин: "Жеңиш - талбай изденүүнүн, футболчулардын аракеттеринин жыйынтыгы"

Кыргыз футболчулары бүгүн, 17-ноябрда Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда кезектеги жеңишине жетишти. Бул жолу футболчуларыбыз тайпа лидери Иорданияны утуп алышты (1:0). Муну менен курама команда 3 упайга ээ болду. Оюндагы жалгыз голду 47-мүнөттө Антон Землянухин киргизди.

Оюн боюнча ой бөлүшкөн башкы машыктыруучу Александр Крестинин төмөнкүлөргө токтолду: "Албетте, Иордания курамасынын мыкты экенин билгенбиз. Ошого карата талбай изденип, атаандаштын алсыз жактарын билгенге аракет кылганбыз. Футболчулар бүгүн болгон күчүн сарпташты жана ийгилик биз тарапта болду. Футболчуларыбыз сапаттуу ойногонун айта алам, бирок муну мелдештеги эң сапаттуу оюн деп атаганга болбойт".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
tursunbaev2004
2015-11-17 23:16:21
Видеосун жуктобойсунорбу?
0
Zarema94
2015-11-17 23:18:42
Крестинин-азаматсыз! Бул жениш ак ж0лт0й жениш болуп артынан к0пт0г0н ийгиликтерди чубалтып келсин! Жениш кут б0лсун, Мекендештер!
+9
Adiyu
2015-11-17 23:21:12
Ушул машыктыруучу Кыргыз футбол курама командасына чон ийгилик алып келди.. Буга чейин мындай ийгилик болгон эмес эле.. Мыкты жигит, ыразычылык айтыш керек.
+13
TemirBekov_7
2015-11-17 23:27:13
Крестинин эркексиз
+9
Patriot...kg
2015-11-17 23:30:06
Эркек
+7
Guljamal_2116
2015-11-17 23:32:53
Вот настоящий талант,настоящая Победа!Антон ты звезда в KG nomber 1.Браво!
+10
Ruslan_d
2015-11-17 23:41:23
Эркектер!
+7
514947a
2015-11-18 09:33:25
Александр, Антон Вы молодцы! Спасибо Вам за команду, за игру, больших побед и удач! Болельщикам браво. Гордимся! Спасибо. Мы все с душой и сердцем были в ваших каждых движениях. Это колоссальный труд. Ребята, народ с вами!.
+2
amanatym
2015-11-18 10:00:06
Крестинин Кыргызстандын футболун коооп которуп койду.Кыргызстаным менен абдан сыймыктанам, бул биздин жеништерибиздин башталышы деп билелик.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан