Бүгүн, 17-ноябрда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун Азия чөлкөмү боюнча тандоо турунда "В" тайпасында 2 беттеш болду. Алгач Австралия курамасы конокто Бангладешти 4:0 эсебинде утуп алды. Андан соң кыргыз футболчулары тайпадагы лидер Иордания курамасын утушту. Жыйынтыгында жеңишке жетишкен Австралия жана Кыргыз Республикасынын курамалары үчтөн упайга ээ болушту. Бул, албетте, мелдеш жадыбалына өзгөрүү алып келип, 1-орунга Австралия курамасы чыгып кетти. Ал эми Иордания дагы да болсо 2-орунду ээлеп келсе, кыргыз футболчулары 3-орунда жайгашкан.
Кошумчалай кетсек, ушуну менен тандоо турунда 2015-жылдагы оюндар жыйынтыкталды. Мелдештеги акыркы оюнун футболчуларыбыз 2016-жылы 29-мартта Тажикстанга каршы ойношот.