13-18-ноябрь аралыгында Индонезияда ушу-саньда боюнча Дүйнө чемпиондугу болуп өттү. Тарыхта 13-ирет өтүп жаткан мелдешке Кыргыз Республикасынын желеги астында 6 спортчудан түзүлгөн курам да катышты.
Аталган спорт түрү боюнча федерациядан кабарлашкандай, мелдеште кыргыз спортчусу Авазбек Аманбеков коло медаль тагынды. Спортчу 56 килограмм салмакта жарым финалга чейин жетип, индонезиялык спортчуга утулуп калды. Жыйынтыгында ал коло медалды эсебине жаза алды.