Футболчу Антон Землянухин Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда Азия чөлкөмү боюнча 12 мыкты бомбардирдин катарына кирди. Ал мелдештеги 4-голун Иорданияга каршы беттеште киргизип, кыргыз курамасына жеңиш алып келди. Буга чейин футболчу Бангладештин дарбазасына 2 гол, Тажикстандын дарбазасына 1 гол киргизген.
Азия чөлкөмү боюнча тандоо турунда эң көп гол киргизген 16 футболчу:
13 гол – Мохаммед Аль Сахлави (Сауд Арабиясы)
10 гол – Ахмед Халил (Бириккен Араб Эмираттары)
7 гол – Йанг Ху (Кытай)
6 гол – Манучахр Жалилов (Тажикстан)
- Тим Кэхилл (Австралия)
- Сон Хэунг Мин (Түштүк Корея)
5 гол – Али Ахмед Мабхоу (Бириккен Араб Эмираттары)
- Омар Харбин (Сирия)
- Кейсуке Хонда (Япония)
- Хасан Абдел Фаттах (Иордания)
- Мехди Тареми (Иран)
4 гол – Антон Землянухин (Кыргыз Республикасы)
- Игорь Сергеев (Өзбекстан)
- Хасан Аль Хайдос (Катар)
- Мохамед Муса (Катар)
- Сардор Рашидов (Өзбекстан)