Бишкектик “Илбирс-Азия” жаштар командасы казакстандык “Стрижи” командасына каршы жолдоштук беттештерди өткөрөт. Бул тууралуу уюштуруучулар маалымдашты.
Маалыматка ылайык, оюндарды өткөрүү 20-22-ноябрга пландалган. Жаш хоккейчилер Шаардык муз тебүүчү аянтта кез келишет. Анда 5-7 жаштагы хоккейчилердин муз аянтына чыгышары күтүлүүдө.