2016-жылы өтчү футбол боюнча Европа чемпиондугунда ойной турган 24 команда белгилүү болду, мелдеш Голландия, Босния курамаларысыз өтөт

Футбол боюнча 2016-жылы Францияда өтүүчү Европа чемпиондугунун тандоо туру аяктап, мелдештин финалдык баскычына катышчу бардык 24 команда белгилүү болду. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.

Маалыматка ылайык, кечээ, 17-ноябрда тандоо турунда өз тайпаларында 3-орунду ээлеген 8 команда өз ара жооптук оюндарын ойношту. 2 оюндун жыйынтыгында жеңүүчү аталган 4 команда "Евро-2016га" жолдомо алды. Алар: Швеция, Украина, Ирландия жана Венгрия.

Акыркы тандоо турундагы жыйынтыктар:

Дания - Швеция - 2:2 (алгачкы оюн 1:2)

Словения - Украина - 1:1 (алгачкы оюн 0:2)

Ирландия - Босния - 2:0 (алгачкы оюн 1:1)

Венгрия - Норвегия - 2:1 (алгачкы оюн 1:0)

Кошумчалай кетсек, буга чейин финалдык баскычка тандоо турундагы 9 тайпанын лидерлери жана 2-орунду ээлеген 9 команда, үй ээси Франция жана 3-орунду ээлеген командалардын ичинен мыкты жыйынтык менен Түркия курама командасы чыккан.

Европа биринчилигине катыша турган 24 команда:

Франция (үй ээси), Англия, Чехия, Исландия, Австрия, Португалия, Түндүк Ирландия, Швейцария, Испания, Италия, Бельгия, Уэльс, Албания, Румыния, Германия, Польша, Орусия, Словакия, Хорватия, Түркия, Швеция, Венгрия, Ирландия, Украина.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Urmat-1989
2015-11-18 18:25:53
эх голландия
+1
NurbekKG
2015-11-18 18:39:20
Түркияга күйөрмандык кыламын ...
-2
a.m.akmoldoev
2015-11-18 19:12:04
NurbekKG,
Аа эмнеге
0
medetbek
2015-11-18 19:34:51
Кыргызстанга куйорман болом ойнобосо дагы.
+6
bekbolot.kg
2015-11-18 19:44:30
Испания мн Бельгияны финалда корсом дейм
0
Ersu
2015-11-18 20:36:21
Буйурса Португалия чемпион!!!
0
bazarkyl
2015-11-19 09:15:05
Азыр Германия кучундо. Германия менен Испания финалда, жениш Германия тарапта болушу мумкун.
-1
Uli6886
2015-11-19 09:27:36
Англия коптон бери коруно элек. Мен Англия учун
+1
bazarkyl
2015-11-19 09:30:10
автор Максат булардын атаандаштары качан белгилуу болот.
0
Danel
2015-11-19 13:29:50
Исландия эки жолу жазылып калыптыр,
0
fakultet89
2015-11-19 13:33:36
Danel, бир эле болуп турат го дейм.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан