Кыргыз спортчусу Куан Абдыраимов ушу-саньда боюнча Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль тагынды

17-ноябрда кыргыз спортчулары Индонезияда өтүп жаткан ушу-саньда боюнча Дүйнө чемпиондугунда дагы бир медаль тагынышты. Тактап айтканда, кыргыз спортчусу Куан Абдыраимов мелдештин финалына чыгып, утулуп калды. Жыйынтыгында ал күмүш медаль тагынды.

Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, спортчу 90 килограмм салмакта өз күчүн сынаган.

Кошумчалай кетсек, буга чейин аталган мелдеште Авазбек Аманбеков 56 килограмм салмак категориясы боюнча коло медаль тагынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ALMAAAN
2015-11-19 10:37:28
Куттуктайм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан