"Реал"-"Барселона" беттешинде күйөрмандар катуу текшерүүгө алынат

21-ноябрь күнү футбол боюнча Испания чемпиондугунун 12-турунда мадриддик "Реал" менен каталондук "Барселона" клубдары беттешет. "Сантьяго Бернабеу" стадионунда өтчү беттеш Бишкек сааты боюнча 23:15те башталат. "Эль Классико" деп аталган бул беттеш алдында коопсуздук кызматкерлери күйөрмандарды катуу текшерүүгө алып, андан кийин гана стадионго өткөрүшмөкчү. Мындай чечим жакында Париждеги стадиондогу жардыруудан кийин кабыл алынган.

Чет элдик маалымат булактары бул күнү "Барселонанын" лидери Лионель Мессинин майданга чыгарын кабарлашат. Ал сентябрь айында алган жаракатынан декабрь айынын башында айыкмак, бирок Лео мөөнөтүнөн мурун майданга чыгып, чоң жаракат алып калуу коркунучу бар экенине карабай бул оюнга чыгат. Азырынча анын 1 тайм гана ойной турганы болжонууда.

Кошумчалай кетсек, бул эки клубдун ортосундагы атаандаштыктын 100 жылга жакын тарыхы бар жана "Реал" - "Барселона" беттешин дүйнөдө эң көп күйөрман көрөрү аныкталган. Испания чемпиондугунун быйылкы сезонундагы мелдеш жадыбалына үңүлө турган болсок, 11 оюнда 27 упай топтогон "Барселона" лидерлик сапта келүүдө. Ал эми 2-орунду ээлеп келе жаткан "Реал" 11 оюнда 24 упай топтогон. Кийинки орундарды "Атлетико", "Сельта" клубдары ээлеп келүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
bekos2012
2015-11-19 15:51:29
Админ, Кайсы каналдан туз эфир корсо болот билип бересиздерби?
+2
mymoon
2015-11-19 16:00:53
bekos2012,KTRK
+3
Medina..
2015-11-19 16:02:52
Куйормандардын коптон куткон оюну болот го.
+2
T.Shaiyrbek
2015-11-19 16:10:58
Hala madrid!!!Real jenet buirusa!
+6
Talantchik
2015-11-19 16:13:22
Реал сенден умуутум чон ийгилик ктрк каналда 23:00 болобу?
+1
Sunrice
2015-11-19 16:25:20
Кайсыл каналда корсок болот саат канчада админ
-4
marat009
2015-11-19 17:13:05
Биз реалдын женишин кутобуз
+2
Nurik.180212
2015-11-19 17:15:36
Барса жэнет кудакааласа
0
BAYAW-KG
2015-11-19 19:20:37
Реал женетко. :-)
+3
kursantbek
2015-11-19 23:06:38
барсанын женишин кутобуз кудай кааласа)))
-4
kyrgyz.93
2015-11-20 00:00:53
Барса Алга биз утабыз
-3
MAN-CITY
2015-11-20 00:14:41
Барса грязный ойнойт симулянттарды жыйып алган бут.
+2
Kunbeken
2015-11-20 09:23:58
Оле! оле! Оле!))) Реал женет!
-1
AKCHA
2015-11-20 14:39:40
Мага баарибир ким женсе да. Кыргызстандын курама командасы качан ушундай денгээлге чыгаткен
0
Serenada
2015-11-20 14:43:01
ооба барселона женишке ылайыктуу месси трамвадан чыкса кучойот
0
Misirov-Nurlan
2015-11-21 18:40:46
Кимиси кучтуу болсо ошол женет да эми.Аны оюн корсотот,ошондуктан оюнду сабырдуулук менен кутолу!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан