Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасында кол күрөш боюнча мелдеш өтүп жатат
Бүгүн, 19-ноябрда Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин 16-Спартакиадасынын алкагында кол күрөш (армрестлинг) боюнча мелдеш старт алды. Мелдешке 168 спортчу катышып жатат. Жеңүүчүлөр 21-ноябрда аныкталары күтүлүүдө.