Сентябрь айында Ош шаарынын Дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы болуп дайындалган спортчу Кылычбек Саркарбаев жумуш менен катар рингге да чыгып турмакчы. Бул тууралуу спортчу SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, аталган комитетте аткарылчу жумуштар көп. "Мени спорт тармагындагы маселелерди түшүнөт деп бул кызматка шайлашкан. Жумушубузду аткарып, Ош шаарында спортту өнүктүрүү аракетин көрүп жатабыз",- дейт спортчу.
К.Саркарбаев белгилегендей, ал 2016-жылы февраль айында эрежесиз эр уруш боюнча кезектеги беттешин өткөрүүнү пландап жатат.
Кошумчалай кетсек, Кылычбек Саркарбаев кикбокс, ушу-саньда, самбо боюнча спорттун чебери, эрежесиз эр уруш боюнча Азиянын жана Евразиянын чемпиону, бир катар дүйнөлүк жана эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү катары таанымал. Ал "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча 2012-жылы "Супер спортчу" наамын алган.