Эртең, 21-ноябрда Бишкекте "Жаштар баңгизатка каршы!" аттуу ураан астында кулатуу эр таймаш боюнча мелдеш өтөт. Бул мелдеште кыргыз мушкерлери Өзбекстандын мушкерлерине каршы турушат. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Рафик Мамбеталиев билдирди.
«WEF ProfFight мелдеши рингге эң күчтүү деген кыргыз жана өзбек мушкерлерин алып чыгат. Анда 34 спортчу 11 салмак категориясы боюнча күч сынашат. Иш-чара жаштар арасында патриоттук сезимди күчөтүү жана дени сак жашоого үндөө максатында өткөрүлөт",- деди Мамбеталиев.