2016-жылы 10-21-февраль аралыгында Өзбекстанда футзал боюнча Азия чемпиондугу өтөт. Учурда мелдешке катыша турган бардык 16 команда белгилүү болду. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, тайпаларда алдынкы 2-орунду ээлеген командалардан тышкары бул тизмеге учурдагы чемпион Япония, вице-чемпион Иран жана үй ээси Өзбекстан кошулду. 16 команда 2-декабрда орун алчу чүчү кулактын жыйынтыгында төрт-төрттөн 4 тайпага бөлүнүшөт.
Чүчү кулак таштоо алдында командалар деңгээли боюнча 4 топко бөлүндү. Бир тайпага ар бир топтон бирден команда жайгаштырылат.
1-топ: Өзбекстан, Япония, Иран, Таиланд.
2-топ: Австралия, Ливан, Вьетнам, Ирак.
3-топ: Кыргыз Республикасы, Тайбэй, Малайзия, Кытай.
4-топ: Тажикстан, Катар, Иордания, Сауд Арабиясы.