Франциядагы жардырууга байланыштуу Англия Лигасындагы 13 футболдук беттеште Франциянын гимни жаңырат

Англиянын Премьер-Лигасынын 13-турунда орун алчу 13 беттеште Франциянын гимни жаңырат. Бул чечим Францияда орун алган жардырууда курман болгондорду эскерүү максатында кабыл алынган. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Англия Премьер-Лигасында учурда 72 футболчу ойнойт. Француз футболчуларынын саны бул көрсөткүч боюнча англиялык футболчулардан кийинки орунда турат.

21-22-23-ноябрь күндөрү орун алчу Англия Премьер-Лигасынын 13-турундагы оюндар:

21-ноябрь
“Уотфорд” – “Манчестер Сити”
“Эвертон” – “Астон Вилла”
“Суонси” – “Борнмут”
“Ньюкасл” – “Лестер”
“Вест Бромвич” – “Арсенал”
“Челси” – “Норвич”
“Саутгемптон” – “Сток Сити”
“Манчестер Сити” – “Ливерпуль”

22-ноябрь
“Тоттенхэм” – “Вест Хэм”

23-ноябрь
“Кристал Пэлас” – “Сандерленд”

Кошумчалай кетсек, өткөн аптада Парижде 7ге чукул террордук акт болуп, анын кесепетинен көптөгөн жарандар каза табышты. Анда "Стад де Франс" стадионунда да 3 жардыруу болгон. Теракттар боюнча жоопкерчиликти экстремисттик топ катары таанылган "Ислам мамлекети" алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Uli6886
2015-11-20 11:00:48
Азыр Кара-Сууда дагы бир жолу жер дин силкинуусу болду
0
uran98
2015-11-20 11:05:44
ошто дагы
0
bazarkyl
2015-11-20 11:16:17
Сый-урмат көрсөтүү иретинде жакшы кадам.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан