Криштиану Роналду Ливандагы жардырууда ата-энесинен айрылган 3 жашар бала менен жолугушууга макул болду

12-ноябрда Ливанда орун алган террорчулардын жардыруусунда Хайдар Мустафа аттуу 3 жашар бала ата-энесинен айрылган. Ага коомчулуктун көңүлүн бурдуруу максатында журналисттер интернет аркылуу аны португалиялык футболчу Криштиану Роналду менен жолуктуруу аракетин көрүштү. Чет элдик маалымат булактары кабарлашкандай, жыйынтыгында футболчу жабырланган бала менен жолугушууга макул болду. Жолугушуунун качан орун алары азырынча белгисиз.

Ливандагы окуяга токтолсок, анда эл чогулган жайга жан кечтилер келип, өзүлөрүн кошо жардырып жиберишкен. Жыйынтыгында 43 адам көз жумуп, 239 адам түрдүү татаалдыктагы жаракаттарды алышкан.

Криштиану Роналду сентябрда сириялык качкындын уулун майданга жетелеп чыккан. Бул анын дарегине көп мактоо сөздөрүн алып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Azim.00kg
2015-11-20 11:29:37
Охо чонойгондо мыкты футболист. Болот окшойт.
+1
bosmos777
2015-11-20 11:32:48
Азамат! Жардам даагы кылса керек !
+4
gulaza
2015-11-20 11:35:35
Суйуктуу фудболистимго менин
+1
elgiz0890
2015-11-20 11:38:07
Мен роналдону адамгерчилигин бааладым азаматсын мыкты футболчу эн жонокой адам экен
+8
soccer_boy95
2015-11-20 12:52:02
Криш азаматсын!!!дагы ушуга окшогон кайрымдуулук иштерди жасай бер....А Месси болсо еврей....
+1
Medina..
2015-11-20 13:07:18
Жонокой жакшы адам экен.Мессиге да айтып коргуло))
-3
Patriot...kg
2015-11-20 14:05:35
Эркек. Азаматсын Роналду.
+1
MuslimNur95
2015-11-20 16:58:23
Рональдо азамат, Аллах каалаган адамын туура жолго салат кааласа эки дуйно бактылуу кылат рональдону дуйно эли тааныйт Аллах бул жигитке бул дуйнодо жакшы ийгиликтерди берди,еми исламды кабыл ала турган болсо чыныгы бактылуу инсан деп ойлойм,
+3
srajdin
2015-11-20 17:14:06
еркек екенсин молочик.!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан