23-ноябрда Азия футбол конфедерациясынын президенти шейх Салман бин Ибрагим аль-Халифа кыргыз жерине расмий иш сапары менен келет. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, сапарынын алкагында ал 2 кичи футбол майданынын салтанаттуу ачылышына катышат. Бул майдандар шейх Салмандын демилгеси менен курулган.
Кошумчалай кетсек, шейх Салман учурда Азиядагы футболдук федерациялардын башын бириктирген Азия футбол конфедерациясын жетектейт. Эми ал дүйнөдөгү бардык футбол федерацияларынын башын бириктирген ФИФАнын (Эл аралык футбол федерациясы) президенттигине талапкерлигин көрсөттү.