Кечээ, 19-ноябрда Бишкекте бокс боюнча кыз-келиндер жана уландар арасында өлкө чемпиондугу старт алды. Аталган спорт түрү боюнча федерациядан кабарлашкандай, мелдешке жалпысынан 15 комплект медаль ойнотулуп жатат. Тактап айтканда, уландар арасында 10 салмак категориясында чемпиондор аныкталса, кыз-келиндер 5 салмакта жеңүүчүлөрдү аныкташат. Мелдеш өлкөнүн бардык аймактарынан келген 115 мыкты мушкердин катышуусунда өтүүдө.
Финалдык беттештер 22-ноябрга пландалган.