Бүгүн, 20-ноябрда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда бокс боюнча өлкө чемпиондугунун чейрек финалы өтүп жатат. Бул күнү уландар арасында жана кыз-келиндер арасында бардык салмактарда жарым финалчылар аныкталат. Ал эми жарым финал 21-ноябрга пландалса, финалдык беттештер 22-ноябрга пландалган.
Кошумчалай кетсек, мелдеш өлкөнүн бардык аймактарынан тандалган 115 мыкты мушкердин катышуусунда өтүүдө. Мелдештин жыйынтыгында улуттук курама команда толукталат.