Бүгүн, 20-ноябрда Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын 16-Спартакиадасынын алкагында пауэрлифтинг боюнча мелдеш старт алды. Мелдешке катышып жаткан 158 спортчу жаш курактарына жараша 2 топко бөлүнгөн. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мелдеште жеңүүчүлөр 22-ноябрда аныкталат.