Бүгүн, 20-ноябрда Бишкек шаарында жолбун иттерди атуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына шаардык милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, борбор калаанын Абай жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде жолбун иттер көп болуп кеткендиктен, коопсуздукту сактоо менен аталган иш-чаралар жүргүзүлүүдө. "Бул аймакта эч кандай ок атышуу болгон жок",- дешти мекемеден.
Айта кетсек, аталган аймакта жашаган тургундар ок атуунун үнүн угуп, тынчсызданып редакциябызга кайрылышты.