Бүгүн, 21-ноябрда таңкы саат 06:15те өлкө аймагында жер титиреди. Сейсмология институтунун алдын ала берген маалыматы боюнча, жер титирөөнүн күчү очогунда 5 баллга жеткен. Жер силкинүү Чаткал районунун тоолорунда орун алып, Аксы районунун Кашка-Суу айылынан 12 чакырым түндүк-батышта, Таш-Көмүр шаарынан 68 чакырым түндүк-батышта болгон. Жер титирөөнүн күчү Кашка-Суу айылында 5, Терек-Сай айылында 4, Жерге-Тал, Авлетим айылдарында 3-3,5 балл болгон.