Жалал-Абадда бүгүн үчүнчү ирет жер силкинди

Жалал-Абад облусунун аймагында бүгүн, 21-ноябрда үч ирет жер титирөө катталды. Алгач саат 06:15те катталып, очогунда 5 балл болсо, экинчи ирет 06:46да катталып, очогунда 2,5 баллга жетти. Андан кийин саат 08:35те катталып, очогунда 4-4,5 баллга жетти.
Сейсмология институтунун берген маалыматы боюнча, 08:35те кайталанган жер силкинүү Чаткал тоолорунда жайгашып, Аксы районунун Кашка-Суу айылынан түндүк-батышка 15 чакырым, Кербен айылынан түндүк-батышка 30 чакырым, Терек-Сай айылынан түндүк-чыгышка 40 чакырым, Таш-Көмүр шаарынан түндүк-батышка карай 65 чакырым аралыкта жайгашкан. Кашка-Суу айылында 4, Терек-Сай айылында 3,5, Кербенде 3 балл болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
aidai88
2015-11-21 12:05:23
Жаратканым озу сактасын.
+2
Rashinboy
2015-11-21 13:35:42
aidai88, Адамдардын пейили, ынтымагы бузулганда, жаман иштерди кылганда Аллах ушинтип жазалайт деп коюшат экен го.
+2
Holerik10
2015-11-21 12:06:18
Дагы качан канчада каерде болот тактап жазып койгулачы алдын Ала даярданалы коркуп журоктор деле калбады
0
karona
2015-11-21 12:11:24
Табигый кырсыктан Кудай сактасын, баарыбыз аман бололу.
0
talant87
2015-11-21 12:12:26
Кудай билет аны пендеси билсе кана эми
+1
aiturgasha
2015-11-21 12:20:46
мен эч сезбепмингоо, кудай сактасын.
0
Lexsus
2015-11-21 12:22:36
Кудай сактасын, акыркы кундору жер титироо коп болуп жатат. Кыргыз элим аман болойлучу!
0
Dinaa
2015-11-21 12:25:55
Окумуштулар декабрда катуу жер титироо болот деп ататко кудай сактасын баарыбызды
0
tynara81
2015-11-21 14:17:26
Dinaa, кайсы окумуштуулар айтып жатат, кайсы булактан окудуңар? Жүрөктү түшүрбөгүлөчү. Ансыз да аңдыганыбыз жаңылыктар болуп калды, балдарым кантти экен деп. Балдарым коркуп калыптыр, мен болсо алыста...
+1
balzak
2015-11-22 12:29:53
Dinaa,кайсы окумуштуу айтты,эгер айтканы чын болсо булактарды айтып койгулачы, анткени алдын ала жер силкинуу айтылбайт
0
Atlantida.
2015-11-21 12:54:13
Jaratylyw kyrsyktarynan Kudaiym ozu saktasyn, eli-jeribiz tynch bolsunchu
0
ganybaev89
2015-11-21 13:28:11
Аманчылык эле болсунчу
+2
tynara81
2015-11-21 14:18:48
Элимде аманчылык эле болсо экен.
+1
begai93
2015-11-21 15:46:27
Кудай ай тынчылык болсо экен!
+1
Guljamal_2116
2015-11-21 22:52:08
Кудай озун сакта,тынччылык эле болсунчу кыргыз элимде.
0
Ainuuurka
2015-11-22 00:01:46
Жараткан озу сактасын боодо кырсыктан эхх.Эки уч кундон бери тунку уйкуну умачтай ачып, журоктун ушун алды ушул жер титироо.Тункусун уктагандан да коркуп калдык,деги тынччылык эле болсунчу.
0
aruusham
2015-11-22 11:27:03
Пенде айтканы эмес Аллах айтканы болот эмне болоорун эч ким гарантия берип айталбайт алдыда эмне болорун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан