Бүгүнкү жер силкинүүдөн Аксы районундагы эки үйдүн ички дубалдарынан жарака кетти

Жалал-Абад облусунун аймагында бүгүн, 21-ноябрда үч ирет жер титирөө катталган. Алгач саат 06:15те катталып, очогунда 5 балл болсо, экинчи ирет 06:46да катталып, очогунда 2,5 баллга жеткен. Андан кийин саат 08:35те катталып, очогунда 4-4,5 баллга жеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Аксы райондук бөлүмүнүн башчысы Замирбек Дүйшөбаевдин алдын ала берген маалыматы боюнча, район акиминин буйругунун негизинде 8 адамдан турган Аксы райондук жарандык коргонуу комиссиясы жана Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн жарандык коргонуу комиссиясы (курамында 7 адам бар) тактоо иштерин жүргүзүүдө.
Социалдык мекемелерден 7 объект (5 орто мектеп, айыл округдун имараты жана клуб) комиссия тарабынан иликтенип, жарака кеткен жерлер байкалган эмес. Кашка-Суу айыл округунун Өлөң-Булак айылында Топчубай Үрүстөмовдун жана Үсөн Үрүстөмовдун кошумча (времянка) үйлөрүнүн ички дубалдарынын айрым жерлеринен анча чоң эмес жаракалар байкалган. Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
altynaiB
2015-11-21 22:24:15
Олон-Булак айылымды Кудай озу сактасын.
+1
beka1207
2015-11-21 23:16:58
altynaiB, башка жерди деле сактасын))
+1
jass
2015-11-21 22:45:47
Иий кудай сактасын мен Жалал-Абадта этажкада турамын сезбепмин
0
dani.dani
2015-11-22 11:58:09
Кудай сактасын баарыбызды
0
tilek88.88kg
2015-11-22 17:03:49
Алла сактасын баардыгыбызды бале кырсыктардан.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан