20-ноябрда Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов шахмат боюнча Азия чемпиондугунун коло медалынын ээси, 12 жаштагы Руслан Съездбековду кабыл алып, сыйлыгы менен куттуктады. Мэриядан кабарлашкандай, мэр анын мындан аркы кадамдарына ийгилик каалады.
Кошумчалай кетсек, 20 жашка чейинки курактагы шахматчылар арасындагы Азия чемпиондугу октябрь айында өткөн. Мелдеш Кытай, Индия, Иран, Шри-Ланка, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргыз Республикасынан барган күчтүү 40 шахматчынын катышуусунда өткөн.