Түнү Бельгияда террорчуларга каршы жүргүзүлгөн операцияда 16 адам колго түштү. Париждеги окуялар боюнча негизги кылмышка шектүүлөр кармала элек

Бельгиянын Брюссель шаарында террорчуларга каршы масштабдык операция жүргүзүлдү. Бул тууралуу европалык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, анын жыйынтыгында 16 адам кармалып, бири жарадар болду. "22-ноябрдан 23-ноябрга караган түнү полиция жана аскер кызматкерлери шаардын борборуна кете турган жолдорду тосуп алып, жарандардын документтерин текшеришти. Күбөлөрдүн айтымдарында, Брюсселдин операция жүргүзүлгөн аймагында ок атуулар угулду. Иш-чаранын жыйынтыгында Париждеги террордук акттарды уюштуруу боюнча негизги кылмышка шектүүлөр Абдельхамид Абауд жана Салах Абдеслам кармала элек",- деп жазышат басылмалар.

Айта кетсек, 13-ноябрда Парижде бир катар террордук акттар болгон. "Стад де Франс" стадионунда террорчулар өздөрүн жардырып жиберишкен. Ондогон адамдар борбордук көчөлөрдө, кафелерде октон каза болушса, "Батаклан" концерттик залындагы көрүүчүлөрдү да куралчан террорчулар атып салышкан. Франциянын борбор шаарындагы теракттар боюнча жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" тобу алган.

Акыркы расмий маалыматка таянсак, 129 адам каза болуп, 352 адам жаракат алган. КРнын Тышкы иштер министрлиги каза болгондордун жана жаракат алгандардын арасында кыргыз жарандары жок экенин маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kyrgyz_shaa
2015-11-23 11:23:19
Оздору уюштуруп алышып эле, эптеп качкындарды киргизбоонун айласын кылып жатышатда баарысы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан