Чүй облусундагы Сокулук районунун тургундары талаадан ок атуучу куралдарды таап алышты. Муну бүгүн, 23-ноябрда Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 20-ноябрда Сокулук районунун 1986-жылкы И.Ж. аттуу тургуну 16-калибрдеги ИЖ-18 үлгүсүндөгү ок атуучу куралды жергиликтүү милицияга өз ыктыяры менен өткөрүп берди. Ошол эле күнү 1995-жылы туулган С.М. аттуу аталган райондун тургуну 16-калибрдеги ИЖ-17 үлгүсүндөгү мергенчилик мылтыгын укук коргоо түзүмүнө тапшырды.