21-22-ноябрь күндөрү Орусиянын Казань шаарында бел боо күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугу болуп өттү. Мелдеште кыргыз спортчусу Нагира Сарбашова алтын медаль тагынды. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мамлекетибиздин желеги астында аталган мелдешке 12 спортчу катышкан. Мелдеш аталган күрөш түрүнүн классикалык жана эркин күрөш түрү боюнча өткөрүлдү. Нагира 76 килограмм салмакта мелдештин чемпиону аталды. Ал эми Эльза Абдыкадырова 58 килограмм салмакта, Назира Арзыбекова 76 килограмм салмакта 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынышты.