Бишкекте СССРдин стол тенниси боюнча биринчи спорт чебери Жеңишбек Таласбаевдин жаркын элесине арналган эл аралык мелдеш болуп өттү. Мелдешке Кыргыз Республикасынан, Казакстандан жана Түркмөнстандан чогулган 50 спортчу катышты. Бул тууралуу Бишкек шаардык спорт комитетинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мелдеште жеңүүчүлөр 50 жашка чейинки куракта өзүнчө, 50 жаштан жогорку куракта өзүнчө аныкталды. Жыйынтыгында жекеликте 50 жашка чейинки курактагыларда 1-орунду казакстандык Диаз Сарсембаев ээледи. Калган эки байгелүү орунду Алишер Якубаев (Кыргыз Республикасы) менен Вячеслав Хмечев (Түркмөнстан) багындырды. Жашы 50дөн ашкан спортчулар арасында 1-орунду Ким Никанор (Казакстан), 2-орунду Закир Ташмухамедов (Кыргыз Республикасы), 3-орунду Беделбек Кудайбергенов (Кыргыз Республикасы) ээледи. Ал эми жуптукта 1-орунду кыргыз спортчулары Алишер Якубаев менен Ким Никанордун жуптугу ээледи.