Жумгал районунда аң уулоого чыгып дайынсыз жоголгондордун бири кар астында тоңуп каза болду, экинчи адамды издөө уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 23-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, ӨКМнын Нарын облустук башкармалыгына 20-ноябрь күнү Жумгал районунда аң уулоого чыгып дайынсыз жоголгондор тууралуу маалымат түшкөн. Анда Миң-Куш айылынын беш тургуну аң уулоого Миң-Бугу аймагына чыгып, кайтып келе жатканда экөөсү башка жол менен барабыз деп бөлүнүп, ошол бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы айтылган.
Бүгүн, 23-ноябрда издөө үчүн жоголгон адамдардын туугандары жана айыл тургундары болуп жыйырма адам саат 01:30 чамасында чыгып, жоголгондордун биринин кар астында тоңуп каза болгон жансыз денесин Миң-Бугу жайлоосунун Зындан аймагынан табышкан. Экинчи адамды издөө иштери уланууда.