Бишкекте милициянын тергөөчүсү мас абалында Жол-кайгуул кызматынан качып баратып милиционерлерге карата ок чыгарды

Бишкектин Жал кичи районунда милициянын тергөөчүсү унааны мас абалында айдаганы үчүн кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда шаардык милициянын басма сөз кызматы жарыялады.

Маалым болгондой, тергөөчүгө карата кызматтык иликтөө дайындалды, тиешелүү материалдар Ленин райондук прокуратурасына жөнөтүлдү.
"Кечээ, 22-ноябрда саат 23:00 чамасында Түштүк магистраль жана Тынчтык кең көчөсүнүн кесилишинде Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа Жол-кайгуул кызматынын токтотуу талабына баш ийбей качып кеткен. Жол-кайгуул милициясынын атайын батальону аны кубалап, Жал кичи районунан токтоткон. Текшерүүнүн жыйынтыгында айдоочу Октябрь райондук милициясынын тергөөчүсү экени белгилүү болду. Анын мас абалында болгонун экспертиза аныктады",- деп билдирет мекеме.

Алдын ала маалыматтар боюнча, тергөөчү жол-кайгуул инспекторлорунан качып баратып аларга карата бир нече жолу ок чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
amira15
2015-11-23 11:57:45
Карга карганын козун чукубайт дешчуу эле го
+1
tynar92kg
2015-11-23 12:05:01
Жакшы. Озгором десем биринчи озундон башта дейтко.
+3
zhykyo
2015-11-23 12:07:23
Ааа де оздорун озу атып коюп шылташат окшойт башкага жаман ойлоп койдум да
0
Aviator
2015-11-23 12:17:18
шерменделер
0
Anarbek2015
2015-11-23 12:59:06
милициянын арасында ушундай акмактарда бар,бут милициянын уят кылды мындайларды жоготуш керек тезинен ИИМден!!!!
0
Mongol1155
2015-11-23 13:22:30
Милийса менен жол кайгуул тытышат турбайбы.
0
karona
2015-11-23 13:26:48
Элдин бейкутчулугуна жооп беруучу милиция кызматкерлеринин мындай ишке барганы ото уяттуу корунуш. Соз жок!
0
bah_tee
2015-11-23 20:05:57
karona, Кейибеңиз аларга боло берет аларга бардыгы зелёный да
0
Nurik.180212
2015-11-23 13:35:33
Ммм жакшы иштеп жатат дегим келдигоо бироооок... .........
0
Mars55
2015-11-23 15:16:43
Бирок деген жери бар!!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан