Президент Алмазбек Атамбаев Азия Футбол конфедерациясынын президентин кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 23-ноябрда Азиянын Футбол конфедерациясынын (АФК) президенти шейх Салман бин Ибрагим аль-Халифаны кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө өлкө башчы шейх Салманга КРнын Футбол федерациясынын демилгелерин колдоого алып келгени жана Азия футболунда жасаган реформалары үчүн ыраазычылык билдирди. Алмазбек Атамбаев ошондой эле кыргыз жеринде футболдун өнүгүп жатканын, муну кыргыз футболчуларынын эл аралык деңгээлде көрсөтүп жаткан оюну далилдеп турганын белгиледи. Өз кезегинде шейх Салман бин Ибрагим аль-Халиф да кыргыз футболундагы жылыштар көрүнүп жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
shailoo2015
2015-11-23 13:20:16
Жакшы жаңылык
0
nurik11-29
2015-11-23 13:59:56
бат баттан,чет элдик оюнчулар менен беттеш откоруп ,турушса жакшы болмок,аябай колдойт элем
0
beben
2015-11-23 14:37:10
Жакшы жанылык .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан