Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда үйлөнүү тойго конок катары барган баланы бычактап өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы жарыялады.
Маалым болгондой, 23-ноябрда саат 01:15 чамасында Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районунун милиция бөлүмүнө азиат улутундагы баланын жансыз денеси жергиликтүү ооруканага алынып келингени тууралуу маалымат түшкөн. "Анын көкүрөгүнөн жана сол бутунан бычактын издери табылган. Маркум Чолпон-Ата шаарынын 19 жаштагы К.Бексултан аттуу тургуну экени аныкталган. Күбөлөр билдиришкендей, ошол күнү Бексултан өзүнүн таанышынын үйлөнүү тоюнда болгон. Иш-чара аяктаганда той өтүп жаткан үйдүн жанынан коноктор баланын жансыз денесин көрүп калышып, унаа менен ооруканага жеткиришкен",- деп билдирет мекеме.
"Ыкчам иликтөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 20 жаштагы Чолпон-Ата шаарынын О.Нурбол аттуу тургуну кармалды. Суракта ал күнөөнү моюнуна алды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга отургузулду. Тергөө амалдары уланууда",- деп жазылат маалыматта.