Кол алдындагы кызматкерин тапанча менен аткан Базар-Коргон райондук мамлекеттик каттоо бөлүмүнүн башчысы Эмилбек Тарыхчиев учурда СИЗОдо. Соттун чечимине ылайык, чиновник 20-декабрга чейин камакта болот. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Базар-Коргон районунун акими Таалай Долдоев SUPER.KG порталына билдирди. "Окуяны териштирген комиссиянын жыйынтыгы чыга элек. Кадрдык маселелер кыйын нерсе да, азырынча Тарыхчиевдин ордуна эч ким дайындалган жок",- деп билдирди аким.
Эскерте кетсек, 13-ноябрда Эмилбек Тарыхчиев кол алдындагы кызматкерине ок чыгарган. Кызматкер башынан жаракат алып, ооруканага жаткырылып, бирок милицияга арыз менен кайрылуудан баш тарткан. Мындан кийин Тайырбек Сарпашев жетектеген Мамлекеттик каттоо кызматында атайын комиссия түзүлүп, окуяны иликтөөгө киришкен.