47 жаштагы аялды зордуктоого шектелип 24 жаштагы жигит кармалды. Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан 24-ноябрда кабарлашкандай, милицияга Бишкек шаарынын 47 жаштагы А.Күмүшай аттуу тургуну кайрылып, үйүнө болжол менен азиат улутундагы 20-25 жаштардагы жаран кирип барып, күч колдонуу менен зордуктап кеткенин кабарлаган.
Милиция бул кылмышка шектүү катары Нарын облусунун 24 жаштагы тургунун колго түшүрдү. Иликтөө иштери улантылууда.