Бишкекте Сүймөнкул Чокморовдун жаркын элесине арналган волейбол мелдеши өтөт

Бишкекте СССРдин Эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун жаркын элесине арналган волейбол мелдеши орун алат. Уландар арасында өтүүчү клубдар аралык мелдеш быйыл 24-ирет уюштурулмакчы.

КРнын Волейбол федерациясынан кабарлашкандай, мелдеш 2-6-декабрь аралыгында Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өтөт. Анда каттоодон өткөн командалар, өлкөнүн Улуттук жана Жогорку Лигаларынын өкүлдөрү чемпиондукту талашат.

Кошумчалай кетсек, аталган мелдешти өткөн жылы “Ош бажы” командасы утуп алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан