Кечээ, 23-ноябрда Азия Футбол конфедерациясынын президенти шейх Салман бин Ибрагим аль-Халифа жана КРнын Футбол федерациясынын президенти Семетей Султановдун катышуусунда эки кичи футбол майданынын ачылышы болду. Бул тууралуу аталган федерациядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, футбол аянттары АФКнын демилгеси жана колдоосу астында курулган. Эми бул жерден түшкөн каражаттар аймактарда футболду өнүктүрүүгө жумшалат. АФКнын президенти федерациянын дарегине мактоо сөздөрүн жолдоп, бул долбоор алдыдагы жылдарда өтө пайдалуу колдонуларынан үмүт кылып жатканын айтты. С.Султанов болсо балдар жана өспүрүмдөр футболун өнүктүрүү, аймактарда футболду өнүктүрүүдө майдандын каражат булагы катары пайдаланыларын айтты. Ошондой эле колдоого алганы үчүн конфедерацияга ыраазычылык билдирди.