"Жалал-Абадда 41 жаштагы адам 2-класстын окуучусун эс-учун жоготконго чейин токмоктоду" дешет тургундар

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Рахманжан айылында "8 жаштагы баласынын классташын токмоктоду" деп 1974-жылы туулган адам шектелүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган окуя боюнча учурда текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. "Бул факт Жалал-Абад ОИИБинин кылмыштарды каттоо китепчесинде 20-ноябрда катталган. Жабырлануучунун денесине залал келтирилген, бирок ал ооруканага жаткырылган эмес. Биринчи жардам алган соң ал үйүнө жөнөтүлгөн",- деп билдиришти мекемеден.

Аталган айылдын тургундарынын айтымдарында, кылмышка шектүүнүн 8 жаштагы К.Мурат аттуу баласы А.Өмүрбек аттуу классташы менен ойноп жаткан. "Өмүрбек Мураттын ичин кысып койгондо, Мурат үйүнө ыйлап барып, атасына айткан. Мурат "биздин үйдө ойнойбуз" деп Өмүрбекти алдап чакырганда, атасы аны үйүнө алып кирип, бутуна бир тепкен экен. Жабырлануучу башы менен дубалды сүзүп жыгылган. Ал киши бала өзүн жоготуп койгондо гана токтоп, бетине суу чачып өзүнө келтирип, мектептин алдына чыгарып койгон. Бүгүнкү күндө ал адамды милиция кызматкерлери издеп жатышат",- дешти тургундар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
nur-patriot
2015-11-24 11:39:08
ушинтип бандиттер өсөт.
+1
Alixan-Nookat.2015
2015-11-24 11:46:18
Акыркы убакта мындай терс,ойдо жок жан кейиткен окуялар кобойду. Жаш куноосу жок балдарга карата зомбулук корсоткондорго катуу чара колдонуп жакшы бир мыйзам иштеп чыгыш керек. Эмне учун чондор ойлонбойсунар же силердин жаш балдарынар таяк жеп зордукталганда анан конул бурасынарбы? Заман эмес адамдар бузулду ошол тепкен буту иштебей калсын таап катуу жазага тартыш керек кошунасы болсода акмакты.
+3
Bektur2
2015-11-24 13:24:30
Балдар урушат табышат ойноп журо беришет жон койбойбу датанып келбе деп кайра баласын урушпайбы Атасынын башы иштебестиги да
+1
sabyr86
2015-11-24 13:48:49
Кара Балтада да ушундай окуя болду,бирок өз ара чечишип алышты.анда 1975 жылы туулган эже,14 жашар баланы уруп койгон баласына болушуп.
+2
muun-kyrgyz
2015-11-24 14:11:34
Атасы адеп менен акылын айтып жакшылап тушундурсо болмок экен, болбоду дегенде баланын ата энесине айтып баланарды тарбиялагыла деп
+1
shiko
2015-11-24 17:32:29
Атасы болушчаактын уулу ыйлак энеси болушчаактын кызы ыйлак деп акмак атанын озунун тарбиясы жок.озунун баласы бала бироонуку бала эмеспи.даттансан ойнобо ыйлап ообу келсен даттанып келсен озунду таяктайм десе болбойбу.эми минтип качып журот.онбогон акчаны берет эми
0
AlbertEnshtein
2015-11-25 14:01:07
эми тиги жабыр тарткан баланын атасы келип токмоктоп кетсин кылмышкерди
0
seni.gana
2015-11-25 20:48:10
Токмоктоду,зордуктады, олтурду, атты,жардырды ж.б ушул сыяктуу жаман жанылыктар кундон кунго кобойуп баратат.Аллахым баарыбызды ар Кандай жамандыктардан сактасын...бири бирибизге жардам берели
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан