2013-жылдын январь айынан март айына чейин Бишкек шаарында 413 жол кырсыгы катталып, 16 адам каза болгон. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, мурдагыдай эле балдардын жол кырсыгына кабылуусу күч алып жатканын билдирет аталган мекеме. Жыл башынан бери 54 жол кырсыгында 59 жаш баланын катыштыгы болгон. Айта кетсек, бир аптанын ичинде 7 миңден ашык жол эрежелерин бузуу фактылары катталып, 106 айдоочу мас абалында кармалган.