Бүгүн, 24-ноябрда Египетке караштуу Синай жарым аралынын түндүгүндө жайгашкан Эль-Ариш шаарындагы мейманканалардын биринин жанында жардыруу болду. Анын кесепетинен 3 адам каза таап (бирөөсү полиция кызматкери), 12 адам жаракат алганын Египеттин маалымат булактары жарыялашты.
Полициянын маалыматына караганда, жардыруу парламенттик шайлоого байкоочулук кылган соттор жашаган мейманкананын жанында болду. Денесине бомба байланган жан кечти автоунааны мейманкананын кире беришине чейин айдап келип өзүн жардырган. Унаанын ичинен жан кечтинин дене мүчөлөрү табылды.
Египетте дагы бир мейманкананын жанында жарылуу болгон, факт учурда такталууда.