22-ноябрда Бишкекте Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда бокс боюнча өлкө чемпиондугу жыйынтыкталды. Мелдештин алкагында 4 салмакта кыз-келиндер арасында чемпиондор аныкталды. Кыз-келиндер арасындагы мелдештер жандуу, кызыктуу өткөнүн белгилей кетсек болот.
Чемпиондордун жана байге ээлеринин тизмеси:
51 килограмм салмакта
1-орун. Альбина Мамбетова (Чүй облусу)
2-орун. Бактыгүл Абдусаламова (Жалал-Абад облусу)
3-орун. Салтанат Намазбаева (Ысык-Көл облусу), Зубинисо Юлдашева (Жалал-Абад облусу)
57 килограмм салмакта
1-орун. Бурулкан Калыбай (Ош облусу)
2-орун. Гүлзада Муканбетова (Ысык-Көл облусу)
3-орун. Элиза Ташбаева (Бишкек шаары)
60 килограмм салмакта
1-орун. Үмүтай Айтиева (Бишкек шаары)
2-орун. Алина Мамасадык кызы (Бишкек шаары)
3-орун. Алтынай Талапбек кызы (Чүй облусу), Нишангүл Кенжебекова (Бишкек шаары)
64 килограмм салмакта
1-орун. Мээрим Мамасали кызы (Ош облусу)
2-орун. Фарида Пупова (Бишкек шаары)
3-орун. Наргиза Алиаскар кызы (Бишкек шаары)