Улуттук банк коммерциялык банктардын сом менен насыя берүү механизмин иштеп жатат. Бул тууралуу 24-ноябрда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.
Анын айтымында, учурда экономиканын долларга басылып кетишин азайтуу аракети көрүлүүдө. Мындан сырткары ал коммерциялык банктардагы депозиттердин 60 пайызы доллар менен сакталганын, ошол эле учурда банктар сом менен насыя бербей жатканын кошумчалады.
Айта кетсек, буга чейин президент Алмазбек Атамбаев да ипотека боюнча насыя берүүнүн доллардан сомго которуу мүмкүнчүлүгүн кароону банктын төрагасына тапшырган. Абдыгулов: "Учурда анын кайсы курс менен которулары, пайыздык көрсөткүчү канча деп белгиленери боюнча механизмдери иштелип жатат",- деп маалымдаган.