Бишкекте Улуттук Олимпиада комитетинин туңгуч президентинин жаркын элесине арналган күрөш боюнча эл аралык мелдеш өтүүдө

Бишкекте эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр арасында эл аралык мелдеш өтүүдө. 23-ноябрда старт алган мелдеш бүгүн, 25-ноябрда жыйынтыкталат. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, мелдеш Улуттук Олимпиада комитетинин туңгуч президенти, СССРдин Спорт чебери, КРнын Эмгек сиңирген машыктыруучусу Эшим Кутманалиевдин жаркын элесине арналган.

Анда жеңиш үчүн мамлекетибиздин бардык аймактарынан, Казакстандан, Тажикстандан, Өзбекстандан жана Орусиядан келген балбандар күч сынашууда. 1999-2001-жылдар аралыгында туулган балбандар өз ара 10 салмакта жеңүүчүлөрдү аныкташмакчы (42 кг, 46 кг, 50 кг, 54 кг, 58 кг, 63 кг, 69 кг, 76 кг, 85 кг, 100 кг).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан